Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Жаңы Жер кодекси: Кыргызстанда жайыт комитеттери жоюлат
18.06.2024 | 12:21
Жаңы Жер кодекси кабыл алынса, өлкөдөгү жайыт комитеттери жоюлат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Кубат Касейинов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Касейиновдун айтымында, жайыт комитеттери жоюлгандан кийин жайыт жерлер жергиликтүү бийликтин карамагына өтүп, муниципалдык ишкана түзүлөт. Жайыттагы малдын башына төлөнгөн акыны аталган ишкана чогултат.
Комитет Жер кодексинин долбоорун биринчи окууда жактырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом