Аравандагы жетимдер үйүнөн кийин Кара-Суудагы интернаттын абалы айтылды

Аравандагы жетимдер үйүнөн кийин Кара-Суудагы интернаттын абалы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт

Кара-Суу районунун Мөнөк айылындагы жетимдер үйүнүн дубалынан суу өтүп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, интернаттын абалы өтө оор, балдардын жашоосуна шарттар жок. Депутаттар керебеттери эскирип, чатырынан суу агып жатканын айтты.

Ага улай депутат Марлен Маматалиев дагы аталган райондогу дагы бир жетимдер үйүнө көңүл бөлүүгө чакырды.

«Ал жерди көрсөңүз  «мышык ыйлайт». Эмерек эч нерсеси жок жерде балдар жашап, билим алып жатышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыйноолордун алдын-алуу боюнча улуттук борбор Араван районундагы А. Тургунов атындагы мектеп-интернатынын сүрөттөрүн жарыялап, ал коомдо кызуу талкууга алынган.

Аравандагы жетим балдар интернатынын абалы: темир керебет, сасыган ажаткана

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>