Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайт

28.09.2026 | 11:01
Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайт — Новости Кыргызстана

Кыргыз футбол биримдиги Азия футбол конфедерациясына (АФК) 2028-жылы өтө турган футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүү укугуна Кыргызстандын талапкерлигин расмий сунуштады. Мелдешке континенттин 16 курама командасы катышат. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.

Талапкерликтин алкагында КФБ спорттук курулмаларды, машыгуу аянтчаларын, мейманканаларды жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган концепцияны сунуштаган. Арыз АФК тарабынан бекитилген регламенттик талаптарга ылайык даярдалган.

Конфедерациянын өкүлдөрү Кыргызстандын инфратүзүмдүк мүмкүнчүлүктөрүн жана даярдыгын текшерүү үчүн инспекциялык сапарды 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөрөрү пландалууда. Мелдешти өткөрүүчү өлкө тууралуу акыркы чечим инспекциянын жыйынтыктарынын жана тапшырылган документтердин негизинде кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу беттештерин үч жолу өткөргөн.

Scroll to Top