Түнкү клубдагы мушташка катышкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

Түнкү клубдагы мушташка катышкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунда эркек кишинин сабалышы менен байланышкан окуя боюнча бир нече УКМК кызматкери кызматтан алынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган клубда УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, атайын кызматтын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

«Натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган», — деп билдирет УКМК.

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, жыл башында Ош шаарындагы Sky Bar клубунда белгисиз эки адам кафеге келген кишилердин бирин ур-токмокко алганы тартылган видео тараган. Андан тышкары алардын бири кафедеги кызга кол көтөргөн. Алар УКМК менен Бажы кызматынын кызматкери экени айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>