Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, бир кыргызстандык ооруканада, дагы экөө изделүүдө

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, бир кыргызстандык ооруканада, дагы экөө изделүүдө

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, анын ичиндеги бир кыргызстандык ооруканага түшүп, дагы эки кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу билдирди.

Маалыматка караганда, 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон. Алардын үчөө Кыргызстандын жараны. Учурда бир кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда.

«Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге, кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышты.

Кыргызстандын Түркиядага элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда», — деп айтылат маалыматта.

Түркиялык басылмалар жазгандай, тик учак өрт өчүрүү үчүн Тахтали дамбасынан суу алайын деп жатканда кырсыктаган. Тик учактагы 4 кишинин бирөө Түркиянын жана үчөө Кыргызстандын жарандары болушат. Куткарылып, ооруканага жаткырылган кыргызстандык тик учакта экинчи учкуч болуп иштеген. Учурда анын абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок экени кабарланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>