Автоспорт боюнча Азия-Тынч океан чемпионатын жеңгендер мекенинде

Автоспорт боюнча Азия-Тынч океан чемпионатын жеңгендер мекенинде

Бүгүн, 2-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунда мотоспорт боюнча Азия жана Тынч океан чемпионатында жеңишке жеткен кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучусу мекенине келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аларды министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Олимпиадалык эмес оюндар боюнча дирекциянын директору Эркинбек Уметалиев, күйөрмандар, спортчулардын жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Эске сала кетсек, 1-октябрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн “картинг слалом” дисциплинасында 1-орунга Улукбек Байзаков чыгып, алтын медаль камсыздаган.

Бул дисциплина боюнча жарышка 15 өлкөдөн 19 адам катышкан. Жарыш төрт турдан турган сегиз этапта өткөн. Байзаков бардык этаптарда алдыда болду.

Ошондой эле Акылбек Өмүракунов менен Артем Исакжанов 14 өлкөдөн 28 учкуч катышкан «джимхана» дисциплинасы боюнча жуптук жарышта коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, автомотоспорт боюнча Кыргызстандын курама командасы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатына катышты. Мелдешке 27 өлкөнүн курама командалары катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>