Кыргызстанда Салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын куруу каралуудаБишкек менен Кытайдын Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалуудаБишкектин жанындагы Боз-Бөлтөк тоосунда 150 гектар аянтты каптаган өрт өчүрүлдү11-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтТүрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтөтКыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгат
Түркиянын Элазыг шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат
15.05.2022 | 11:41
Түркиянын Элазыг шаарында Кыргызстандын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин шаардагы иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, Элазыгда белгилүү жазуучунун жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү. 2007-жылы Чыңгыз Айтматов бул шаарга Хазар поэзия фестивалына катышуу үчүн келген.
Бул жерде маданият ишмерлеринин, жазуучулардын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, жазуучунун эстелигин орнотуу чечими кабыл алынды.
Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын бул аймагында жашаган кыргыздар менен да жолугушту.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы