КРдин салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү каралууда

Бүгүн, 7-сентябрда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Sign» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү талкууланды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар санариптик инфраструктураны модернизациялоо жана жасалма интеллектти Салык кызматынын аналитикалык системаларына интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн карашкан.
Ошондой эле IT потенциалды өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери козголгон. Жасалма интеллект жана санариптик чечимдер жаатында адистерди окутуу боюнча пикир алмашуу болгон.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча демилгелерди ишке ашырууну изилдөөгө даярдыгын билдиришкен.