Бишкек менен Кытайдын Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда

11.09.2026 | 10:03
Бишкек менен Кытайдын Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда — Новости Кыргызстана

Бишкек менен Кытайдын Санья шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өтүп, ага кыргыз тараптан «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев жана кытай тараптан Хайнань провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй катышты.

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын маалыматында, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз каттамды ачуу болду. Бул каттамды 2026/2027-жылдардын кышкы мезгилинде ишке киргизүү пландалууда.

Бул жолугушуу Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууларынын алкагында ишке ашкан.

Санья шаары Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын туристтик аймагы болуп саналат.

Scroll to Top