Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Кыргызстанда Салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын куруу каралууда
11.09.2026 | 10:18

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) колдоосу менен Салттуу кытай медицинасынын индустриалдык паркын куруу долбоору каралууда. Аны талкуулоо үчүн Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров менен «XXI кылымдын биомедициналык компаниясынын» (21st Century Biomedical Co., Ltd.) улук вице-президенти Цзян Лэй жолугушту.
Агенттиктин маалыматында, долбоордун сметалык баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт. Аны ишке ашыруу ар бири эки жылдык мөөнөткө эсептелген үч этаптан турат.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер жасалат:
- Илимий-изилдөө борборун түзүү;
- Дары-дармек үчүн чийки затты кайра иштетүү жана сактоо жайларын куруу;
- Дары-дармек каражаттарын өндүрүү;
- Диагностикалык жана саламаттыкты сактоо кызматтарын уюштуруу;
- Академиялык алмашууларды жүргүзүү жана адистерди даярдоо.
Индустриалдык парк толук кубаттуулугунда иштеп баштаганда жыл сайын 480 млн АКШ долларына чейин салыктык төлөмдөр түшөрү күтүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина