Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү санариптештирилди

Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия берүү процесси санариптештирилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Касымалиевдин айтымында, мурда лицензия алуу үчүн документтерди кагаз түрүндө жана мамлекеттик органдарга жеке барып тапшыруу талап кылынчу. Бул тартип аймактардагы ишкерлер үчүн убакыт жана каражат чыгымдарын жараткан. Эми ишкерлер «Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо» маалыматтык системасы аркылуу онлайн арыз берип, документтерди тапшырууга жана төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Реформанын натыйжасында лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл сайын медициналык ишмердүүлүк боюнча 450, ал эми фармацевтикалык багытта 900 лицензия берилет.
Өкмөт башчы бул чаралар кагаз документ жүгүртүүнү жана административдик жүктү азайтып, мамлекеттик кызматтардын бизнес субъекттери үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кыларын кошумчалады.