Бишкектин жанындагы Боз-Бөлтөк тоосунда 150 гектар аянтты каптаган өрт өчүрүлдү

11.09.2026 | 09:45
На горе Боз-Болток под Бишкеком потушили пожар на 150 га — Новости Кыргызстана

Бишкектин жанындагы тоодо өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун ачык аянтында өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо куураган чөптөн улам келип чыккан.

Саат 04:17де өрттү өчүрүүгө борбор калаанын Октябрь районунун №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, жерине саат 04:50дө жеткен. Саат 05:12де дагы бир бөлүм тартылып, саат 05:33тө барган. Саат 05:48де Ленин районунун №28 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн бөлүмү кошулган — ошентип, жеринде үч бөлүм иштеп, үчүнчүсү саат 06:12де жетип барган. Саат 06:37де өрттү өчүрүүгө Аламүдүн районунун №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн штабы жана алты куткаруучусу да кошумча тартылган.

Жериндеги иштерди координациялоо үчүн ӨКМдин борбордук аппаратынан жана Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топтор жөнөтүлгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өрт саат 07:16да чектөөгө алынып, саат 08:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 гектарды түздү.

Теги: пожар
Scroll to Top