22-июлда Кыргызстанда нөшөрлүү жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөтСадыр Жапаров Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду«Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн баланын жарандыгы тууралуу маалымкат талап кылынатТышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жаңыланган байланыш телефондорун жарыяладыКРСУнун эң масштабдуу бүтүрүү кечесине кантип катталса болот?Кол жүгү катары эмнелерди алууга болот: жүргүнчүлөр үчүн негизги эрежелер
Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
08.01.2024 | 22:33
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 8-9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар