Жапаров: Келечекте Кыргызстанды туризм багат

21.07.2026 | 15:24
Садыр Жапаров: В будущем Кыргызстан будет кормить туризм — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров келечекте Кыргызстандын экономикасынын негизги тиректеринин бири туризм болорун жана өлкөгө келген ар бир турист мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошорун билдирди.

«Эгер 2020–2021-жылдарга чейин өлкөбүзгө 2–3 миллион турист келип жүргөн болсо, бүгүн туристтердин саны 13 миллионго жетти. Бул эмнени билдирет? Бул деген экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп атканын жана туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет», — деди ал.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда болгону 7 миллион калк жашайт. Ошондуктан 13 миллион туристтин келиши өлкөнүн экономикасына олуттуу салым болду.

«Биз болгону 7 миллион калкпыз. Демек, туристтер калкыбыздын санынан дээрлик эки эсе көп келди. Бул ИДПнын өсүшүнө кошумча 4–5 пайыз кошту», — деди Жапаров.

Ал белгилегендей, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн миллиарддаган каражаттарды жарнамага жумшашат. Ал эми Кыргызстанга туристтер өздөрү агылып келип жатышат.

«Биз туристтердин өздөрү келип жатканына сүйүнүшүбүз керек. Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна өз салымын кошту деген сөз», — деди президент.

Жапаров жарандарды чет өлкөлүк конокторго сый мамиле жасоого чакырды.

«Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Курулушта иштегиңер келбесе дагы туристтерди тосуп, гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула», — деди президент.
Scroll to Top