Садыр Жапаров Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Конституциялык мыйзамга кол койду.
Документ мамлекеттик аудит системасын модернизациялоону, электрондук аудитке өтүүнү жана мамлекеттик каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөөдө санариптик технологияларды кеңири колдонууну карайт.
Негизги жаңылыктардын бири — электрондук аудитти киргизүү. Эми Эсептөө палатасы мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтарды талдоо аркылуу текшерүүлөрдү негизинен аралыктан жүргүзө алат. Бул бюджеттик каражаттардын кыймылы жана пайдаланылышы тууралуу маалыматтарды текшерилүүчү мекемелерге туруктуу барып отурбастан алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда жеринде жүргүзүлүүчү текшерүүлөр сакталат. Бирок алар аралыктан жүргүзүлгөн талдоо жетишсиз болгон учурларда гана өткөрүлөт. Тактап айтканда, баштапкы документтерди текшерүү, мүлккө жана активдерге инвентаризация жүргүзүү же мамлекеттик маалыматтык системаларда жок маалыматтарды тактоо үчүн колдонулат.
Мыйзам ошондой эле каржылык мыйзам бузууларды алар жасалгандан кийин аныктоодон көрө, алардын алдын алууга басым жасоону карайт. Эсептөө палатасы алдын алуучу жана тобокелдикке багытталган ыкмаларды кеңири колдонуп, бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу же башка мыйзам бузуулар болушу мүмкүн болгон тармактарды алдын ала аныкташы керек.
Бул үчүн мамлекеттик маалыматтык системалардагы чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоо колдонулуп, аудит реалдуу убакытка мүмкүн болушунча жакын режимде жүргүзүлөт. Натыйжада мыйзам бузуулар жана каржылык тобокелдиктер бюджетке олуттуу чыгым келтире электе аныкталат деп күтүлүүдө.
Электрондук аудит узак мөөнөттүү жеринде текшерүүлөрдүн санын кыскартып, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтып, аудиттин жыйынтыктарын ыкчам чыгарууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, маалыматтарды санариптик негизде талдоо адам факторунун жана коррупциялык тобокелдиктердин таасирин азайтат деп күтүлүүдө.
Өзгөртүүлөр мамлекеттик да, муниципалдык да каражаттарды жана мүлктү пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүгө тиешелүү болот. Жаңы ыкма бюджеттик ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, Эсептөө палатасынын ишин ыкчам кылууга багытталган.
Мындан тышкары, мыйзам аудиттин жыйынтыктарын даттануу механизмин киргизет. Текшерилген субъекттер Эсептөө палатасынын көрсөтмөлөрүнө, сунуштарына, корутундуларына жана башка аудиттик чечимдерине даттанууга укуктуу болушат.
Аудиттин жыйынтыктарына байланыштуу келип чыккан талаштарды кароого Президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү катыша алышат. Бул Эсептөө палатасы менен текшерилген мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш маселелерди ар тараптуу кароону камсыздоого багытталган.
Ошентип, мыйзам күчүнө киргенден кийин мамлекеттик аудит системасы негизинен жеринде текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу фактыларын аныктоодон туруктуу санариптик көзөмөлгө, тобокелдиктерди талдоого жана бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануунун алдын алууга өтөт.