Кочкор-Атада 25 млн долларга мунай иштетүүчү завод курулат

21.07.2026 | 11:10
Кочкор-Атада 25 млн долларга мунай иштетүүчү завод курулат — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын кайра иштетүүгө кубаттуу заманбап мунай иштетүүчү завод курулат. Долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге Министрлер Кабинети менен «Борбор Азия энергетикасы» ЖЧКсы кол коюшту.

Документке Кыргызстандын атынан экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, инвестор тараптан «Борбор Азия энергетикасы» ЖЧКсынын башкы директору Шао Пэйпэй кол койду.

Долбоордун алкагында Кочкор-Ата шаарында мунай иштетүүчү завод курулуп, пайдаланууга берилет. Ишкана ишке киргенден кийин кеминде 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Кызматкерлердин кеминде 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болот.

Долбоорго жалпысынан 25 миллион доллар инвестиция салынат.

Бакыт Сыдыковдун айтымында, заводдун курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөт. Ал министрлик долбоорду мыйзамдын алкагында ар тараптуу коштоп, анын ийгиликтүү ишке ашырылышына көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Scroll to Top