Балбан Эрназар Акматалиев Кыргызстандын чемпиону болду

Балбан Эрназар Акматалиев Кыргызстандын чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандын күрөш боюнча чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды.

Анда Эрназар Акматалиев Кыргызстандын чемпиону аталды.

Турнир 8-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда старт алган. Биринчи күнү эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандын чемпиондору — Алмаз Сманбеков (57 кг чейин), Эрназар Акматалиев (65 кг чейин), Исламбек Орозбеков (74 кг чейин), Нуртилек Карыпбаев (86 кг чейин) жана Андрей Аронов (97 кг чейин). Бул салмактын баары олимпиадалык салмак чени болуп саналат.

Өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү апрель айында Бишкекте өтүүчү лицензиялык турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Быйыл Парижде Олимпиада оюндары өтөт. Азырынча эркин күрөштөн бир да балбан Парижге жолдомо ала элек. Алдыда Олимпиадага жолдомо берген континенталдык жана дүйнөлүк лицензиялык мелдешдер өтөт. Өлкө чемпиону болгон балбандар аталган лицензиялык турнирлерге катышып, Олимпада жолдомо алууга мүмкүндүк алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>