«Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн баланын жарандыгы тууралуу маалымкат талап кылынат

«Бала ырысы» жөлөкпулун тариздеп жаткан ата-энелер, эгер баланын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту жок болсо, алдын ала анын жарандыгы тууралуу маалымкат алышы керек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.
Бул документ баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экенин тастыктайт. Аны алуу үчүн ата-энелердин бири же мыйзамдуу өкүлү «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылып, маалымкат «Бала ырысы» жөлөкпулун тариздөө үчүн керек экенин билдириши зарыл.
Арыз берүүдөн мурун электрондук кезекке талон алуу талап кылынат. Маалымкат белгиленген тартипте 14 жумуш күнүнө чейин даярдалат.
Министрлик документти алдын ала тариздеп коюуну сунуштайт. Бул жөлөкпулду дайындоодо мүмкүн болгон кечигүүлөрдүн алдын алууга жардам берет.