Тышкы иштер министри Кулубаев Роза Отунбаева менен жолугушту

Тышкы иштер министри Кулубаев Роза Отунбаева менен жолугушту

Бүгүн, 29-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар БУУнун Афганистандагы ишмердигин талкуулап, Кыргызстан тарабынан БУУнун Миссиясына анын Афганистандагы мандатын ийгиликтүү аткаруусуна ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда тышкы саясат ведомствосунун башчысы Ж.Кулубаев  Кыргызстан БУУ Миссиясынын Афганистандагы ишмердигин жана БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Р.Отунбаеванын Афганистанга социалдык-гуманитардык жана башка керектүү колдоону көрсөтүү боюнча жигердүү иш-аракеттерин толук бойдон колдой турганын белгиледи.

ТИМдин башчысы БУУнун бийик даражалуу өкүлүнө Кыргызстан Афганистандагы туруктуу өнүгүүнү жана узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү кубаттай тургандыгы, тиешелүү регионалдык жана эл аралык демилгелерге активдүү катышып, дос мамиледеги афган элине гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Р.Отунбаева БУУ Миссиясынын Афганистандагы ишмердиги жөнүндө маалымдады. БУУнун Афганистандагы миссиясынын башчысы ошондой эле афган жеринде түзүлгөн оор социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаалда афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кыргыз тараптын иш-аракеттерин кубаттады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>