Кыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Ал учурда такси айдоочулары жана курьерлер үчүн салык төлөөнүн аталган тартиби иштеп жатканын белгиледи. Бул тажрыйбаны күнүмдүк жумуш аткарган жарандарга карата колдонуу демилгеленүүдө.
Кубанычбек Ысабеков бул механизм бир күндүк жумушта иштеген жарандардын социалдык камсыздандыруусун жеңилдетүүгө жана алардын пенсиялык укуктарын камсыз кылууга багытталганын билдирди.