Эксклюзив

Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралуу

01.10.2026 | 18:40
Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралуу — Новости Кыргызстана

Тревел-блогер Никита Кузнецов Казандан Борбор Азияга жөө сапарга чыккан. Reporter.kg басылмасына берген маегинде ал миңдеген чакырымдарды эмне үчүн жөө басып өтүп жатканын, Кыргызстан аны эмнеси менен таң калтырганын жана эмне үчүн сапардын акыркы чекити Кабул болуп калышы мүмкүндүгүн айтып берди.

— Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз жана бул саякаттын идеясы кандайча жаралды?

— Атым Никита Кузнецов, 29 жаштамын, кесибим боюнча юристмин. Азыр жөө жүрүүчү тревел-блогермин. Былтыр Казандан Иерусалимге чейин жөө зыярат жасагам. Жети айда Иерусалимге жетип, ошол сапарда чыгарган тыянактарымдын аркасында Борбор Азияга чыгуу идеясы жаралды.

Башында Казакстанга, тактап айтканда Астанага чейин гана баруу планымда бар эле. Мага карама-каршы багытта баса турган киши издегем, бирок таппай калып, жолумду Алматыга чейин узартууну чечтим.

Анан картаны карасам, жанында эле Бишкек турат экен. Казактар менен кыргыздарга барып, өзбектерге барбай койсом таарынып калышпасын деп ойлодум. Ошентип Борбор Азия боюнча азыркы маршрутум түзүлүп калды.

— Кыргызстандан кийин Ташкентке барасызбы?

— Ооба, Өзбекстанга, Ташкентке барам.

— Андан кийинчи?

— Андан соң Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө жөнөйм. Андан ары баарыбыз үчүн кызыктуу болгон Ооганстан турат. Кабулга чейин жетип, ошол жерден сапарымды аяктап, үйгө кайтам го деп пландап жатам.

— Үйгө да жөө кайтасызбы?

— Жок, учак менен. Жолдо кезиккен адамдар менен кайра көрүшүү үчүн ушул эле жолду артка унаа менен кайтуу оюм бар. Бул идеяны мага башка тревел-блогерлер айтышты. Бирок, балким, түз эле учак менен кетем.

— Саякатыңыздын башкы максаттарынын бири — элдерди бириктирүү десек болобу?

— Былтыр Иерусалимге барганда өзүм үчүн чыгарган жана адамдар менен бөлүшкөн эң башкы жыйынтыгым — элдер тууралуу стереотиптердин баары жок болгону болду.

Иерусалимден Казанга кайтып келгенимде, жаңылыктарда Орусия менен Казакстандын ортосундагы мамилеге байланышкан терс маалыматтар көп болуп жаткан эле. Бул туура эмес жана буга каршы бир нерсе кылуу керек деп ойлоп, Казакстанга барууну чечтим.

Элдердин достугунун символу катары мага карама-каршы багытта чыга турган казак жигитти издедим. Башында эч кимди таба албай, жолумду узартмай болгом. Бирок Казакстанга киргенимде бир казак жигит байланышка чыгып, азыр ал Орусия аркылуу Казанга карай бара жатат. Ошондуктан бул символизм баары бир ишке ашты.

Башкы миссиям — жөө саякаттын тажрыйбасы аркылуу адамдардын жакшылыгын, боорукердигин көрсөтүү. Анткени мындай жолдо ак көңүлдүк абдан көп кездешет.

Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралуу — иллюстрация

— Адамдардын жакшылыгынан өзгөчө эмнелер эсиңизде калды?

— Мен буга күн сайын күбө болом. Жолдо келе жатканыма 140 күндөн ашты, кайсы жерде болбосун, бардык жерден жакшылыкка туш келем. Менин саякатымдын башкы өзөгү да ушунда болсо керек. Жакшы адамдар жамандардан алда канча көп.

— Кыргызстан сизге эмнеси менен эсте калды? Мүмкүн тамак-ашы, кооз жерлери мененби?

— Адамдары жана меймандостугу менен. Түрк тилдүү элдер абдан меймандос экенин жана жолоочуларга өзгөчө мамиле жасашарын билебиз. Андыктан биринчи кезекте меймандостугу эсте калды.

Кыргызстанга жакында эле келдим, бирок улуттук баш кийимди белекке алып үлгүрдүм. Чынын айтсам, аты кандай экени эсимде жок.

— Ак калпак.

— Туура, ооба. Ал эми Казакстанда мага эки чапан — ал дагы улуттук кийим — белек кылышты. Булардын баарын почта аркылуу Казанга салып жибердим. Ошондуктан биринчи кезекте адамдардын ак пейилдиги эсте калат. Андан сырткары жаратылыштын кандай өзгөрүп жатканын көрүү абдан кызыктуу.

Алгач токойлор болсо, андан кийин талаалар, каксоо жерлер, ал эми азыр — тоолор башталды. Мындай контрастты байкоо өтө кызыктуу экен.

— Кыргызстанда канча убакыт болууну пландап жатасыз жана кайсы жерлерди көргүңүз келет? Өлкө ичиндеги маршрутуңуз кандай?

— Бишкектен Ошко жөө барып, ал жактан Өзбекстан менен чек арадан өтүүнү пландап жатам. Кыргызстан тоолуу өлкө экенин билем. Жол бою тоолорду тынымсыз көрүп барам, мага ушул эле жетиштүү.

Бишкекти толук кыдырууга үлгүрө элекмин, бирок бүгүн бир аз бош убакыт болуп калды. Сиздердин улуттук паркыңыздарда болуп, лагерге чейин чыктым. Ал кокусунан эле болуп калды: шаркыратмага барам деп бурулуштан өтүп кетип, жыйынтыгында лагерге чейин көтөрүлүп кетипмин. Абдан кооз экен.

— Ала-Арчабы?

— Ала-Арча, ооба. Абдан кооз.

— Адамдар сизге акча же тамак-аш сунушташабы? Рюкзагыңыздын салмагы канча?

— Рюкзагымдын салмагы 17 килограмм. Акча боюнча айтсам, бул жагынан мага дайыма оор — акча алууга колум барбайт. Бирок адамдар баары бир чөнтөгүмө салып кетүүгө аракет кылышат. Акча салыш үчүн кийимимди чоюп тарткан учурлар да болду.

Ал эми тамак-ашка көнүп калдым. Өзүмө канча керек болсо, ошончосун алам. Баарын алуу мүмкүн эмес, болбосо дүкөн же күркө ачып алсам болмок. Бир күндө 30–40тан машина токтогон учурлар болот. Адамдар улам бир нерсе көтөрүп келип беришет, ошондуктан баарын көтөрүп кетүү такыр мүмкүн эмес.

— Кыргызстанда сизге башкы каарманы апасы менен жөө сапарга чыккан «Бейиш — эненин таманында» тасмасы жөнүндө айтышса керек. Сизди тасманын каарманына салыштырыштыбы?

— Иерусалимге бара жатканда эле абдан көп салыштырышчу. Бирок ал кезде тасманы көрө элек болчумун. Ал тууралуу жолго чыккандан кийин гана билдим. Көрүүчүлөрүм көбөйө баштаганда, адамдар мени дароо ошол фильм менен байланыштыра башташты.

Тилекке каршы, аны ушул күнгө чейин көрө элекмин, бирок ал жөнүндө көп уктум. Апам көрдү, досторум көрдү. Абдан мыкты тасма дешет.

Чынында эле кандайдыр бир окшоштуктар бар. Эсимде болсо, фильмдин каарманы Сирия аркылуу өтөт. Былтыр мен дагы Сирия аркылуу өтүшүм керек эле, бирок Түркияда мени атайын кызматтар артка кайтарып коюшуп, Ирак аркылуу өтүүгө туура келген.

Ошондуктан менин маршрутум тасмадагы окуяларга абдан окшош болуп калды.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top