Түштүк Кореяга дагы 44 кыргызстандык иштөөгө кетти

Түштүк Кореяга дагы 44 кыргызстандык иштөөгө кетти

Бүгүн, 28-ноябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түштүк Кореяга иштөө үчүн бара жаткан кыргызстандыктарды узатты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулган.

Гүлнара Баатырова мыйзамдуу ишке орноштуруу президент Садыр Жапаровдун «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

«Бүгүн биздин министрлик Улуу Британия, Италия, Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим түздү, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр», — деди министр.

15 жыл аралыгында Эмгек министрлиги Корея Республикасынын ишканаларында 5 миңден ашык кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылгандыгы айтылды. Учурда 2 миңге жакын жаран Кореяда EPS программасы боюнча иштеп жатышат. Анын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.

Жатакана жана тамактануу (толук же жарым-жартылай) иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо эмгек акы 2000 долларды түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө 3470ден ашуун жаран катышып, 882 адам ийгиликтүү өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>