Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түштүк Кореяга жана Англияга 3000 кыргызстандык иштөөгө кетти
15.07.2022 | 13:58
Жыл башынан бери 3000ден ашык жаран Түштүк Кореяга жана Улуу Британияга иштөөгө кетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 15-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча 117 агенттик иштеп жатат. Жыл башынан бери Түштүк Кореяга жана Улуу Британияга 3000ден ашык кыргызстандык жөнөтүлгөн.
“Эгерде 2021-жылы Кореяга 750 орун бар болсо, 2022-жылдын башында ал орун 1800гө чейин көбөйдү. Учурда кыргызстандык жарандарды Японияга жана Финляндияга жумушка орноштуруу боюнча иштер жүрүп жатат”, – деп билдирди министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом