Иорданияда өтүп жаткан 17 жашка чейинки (U-17) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан кыз коло байге утту.
Коло медалды Асел Жапарова (61 кг) жана Асема Төрөгелдиева (49 кг) тагынды.
Ушул эле мелдеште грек-рим боюнча кыргызстандык эки балбан да коло уткан.
22-июнда башталган Азия чемпионаты бүгүн, 25 июнда жыйынтыкталат.