Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
U-23: Кыргызстандык балбан кыздар Азия чемпионатына барат
10.06.2024 | 09:00
Кыргызстандык балбан кыздар 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 27-30-июнда Иорданиянын Амман шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 7 балбан кыз барат.
Кыз-келиндер курамасы:
- Айжан Сабырбек кызы (53 кг);
- Арууке Кадырбекова (55 кг);
- Сезим Жуманазарова (59 кг);
- Калмира Билимбекова (62 кг);
- Дилназ Сазанова (65 кг);
- Нурзат Нуртаева (68 кг);
- Гүлнура Таштанбекова (72 кг).