Курман айтты кантип өткөрүү керек? Негизги жөрөлгөлөр

Курман айтты кантип өткөрүү керек? Негизги жөрөлгөлөр

Курман айт быйыл 28-июнда белгиленет. Мусулмандардын эки чоң майрамынын бирин кантип өткөрүү керек жана мал союунун эрежелери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.

Курмандыкты кимдер чала алат?

Курмандык чалуу үчүн адамдын мусулман болуусу шарт. Балакатка жетүүсү зарыл. Курмандык чалуучу акыл-эси жайында жана материалдык мүмкүнчүлүгү бар инсан болушу керек. Мисалы, зекет бере турган инсандарга курмандык чалуу моюндарына милдет болуп эсептелинет. Ал эми колунда жок инсандар, жаш балдар, акыл-эси кем адамдар болсо, курмандык чалуу аларга милдеттүү эмес.

Кандай мал союлат?

Негизгиси – төө жандыгы, ал 5 жашар болушу керек. Бодо малдан өгүз болсо, жакшы болот. Бодо мал эки жаштан жогору болушу керек. Андан кийин — кой.  Кой 6 айлык, бирок 1 жаштай көрүнгөн  болсо, жакшы болот. Эчки 1 жашар болушу шарт. Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) хадисине, сүннөтүнө ылайык, «эң мыктысын сойгула» дейт. Мисалы, кочкордун, мал-жандыктын эң мыктысын алгыла. Эптеп-септеп чологун, чунагын же болбосо дагы бир оорулуусун алса, курмандыкка жарабайт. Бардык мүчөсү толук болуш керек. Айыбы болбош керек. Ошон үчүн бул — Аллага жакындоонун ибадаты. Жөн эле союп коюу эмес. Арапа күнү курмандык чалынган болсо, мойнундагы милдеттүү түрдөгү курмандыкты орундатпайт. Эмнеге дегенде, ал кошумча гана Аллага жакындоо болуп калат.

Союлган малдын этин кимдерге берсе болот?

Курмандык чалуунун максаты — өзү баштап, балким, үйүндө түтүн булатчу эмес, балким, тамак-ашы жетчү эмес. Бирок пайгамбарыбыз акча-тыйынын топтоп, курмандыктын эң мыктысынан, төөлөрдөн сойгон. Союлган мал, кой болобу же башкасы болобу 3/1 бөлүгүн өзү, үй-бүлө, бала-бакырасы менен колдонсо болот. Дагы бир бөлүгүн тууган-урук, кошуна-колоң, жакындары менен жакындашуу максатында сыйлаганга уруксат берет. 3-бөлүгү колунда жок, муктаж инсандарга таратылып берилиши шарт. Албетте, бул — курмандык чалуунун эрежесине ылайык болгон нерсе. Эгерде бир инсан курман айтта курмандык сойду дейли. Бир кой эмес, балким, 10 кой сойгусу келсе да уруксат берилет. Мисалы, жети адам биригип, бир чоң мал соет. Бир төө же бир уйду биргелешип сойсо болот. Бир койго жети адам шерик боло албайт. Бирок бир адам бука же төө, кааласа эки төө сойсо, уруксат берилет. Сойгондон кийин 3/1 бөлүгүн мен алышым керек, милдеттүү түрдө турбайбы деген нерсе жок экендигин да эске салалы. Кааласа, бардыгын Кудай жолунда таратып берсе болот. Кошуна, туугандарына өзүнчө эле кылайын деп, өзүнчө сойсо да болот.

Курман айтка байланыштуу сооптор

Ниет өтө маанилүү. Ар бир намаздын артында эркектер үн чыгарып, аял кишилер үн чыгарбай айтат. Арафа күнүндө тутулган орозо миң күн нафил орозо кармаганга барабар. Бул күнү бир инсаныбыз Алла жолунда садака бере турган болсо, 2000 төөнү курмандыкка чалган менен барабар сооп алат. Же 2000 жылкыны жабдыктары менен мекенди коргоо үчүн берген менен барабар сооп алат.

Курман айт тирүүлөрдүн майрамы

Майрамдын максаты адал жолдо көңүл ачып, олтуруп, жакындарга зыярат кылып, жардам берип, үйгө мейман чакырып,  балдарды көчөгө алып чыгып, жакшы, майрамдык маанай тартуулап, жаңы кийимдерди кийип, белек берип, кубандыруу болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>