Учак кырсыгы болгон Дача-СУдан телефон терип алгандарга иш козголду

Учак кырсыгы болгон Дача-СУдан телефон терип алгандарга иш козголду

Дача-СУ айылына кулаган учактан чачылган телефондорду терип алган деп ӨКМнын 22 куткаруучусуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kaktus басылмасы күч түзүмдөрүнө таянып жазды.

“Тергөө органдары ӨКМнын 100гө жакын куткаруучусун суракка алынган. 22 куткаруучу кырсыктан бир канча күн өткөндөн кийин калдыктарды жыйноо үчүн келип Huawei үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду таап алып кетишкенин моюндарына алышкан.  Аппараттарды жакын туугандарына берип коюшкан. Алар табылган телефондор каза болгондордун жанынан алда канча алыс жакта болгондугун айтышкан”, — деп жазат басылма.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова РЕПОРТЕР агенттиги менен болгон аңгемелешүүсүндө, кылмыш иши кайсы түзүмдүн кызматчыларына козголгонун ачыктаган жок.

«Ооба ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Шектүүлөргө “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “тергөөгө тоскоолдук” кылуу боюнча кылмыш иштерпи ачылган. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат берилбейт”, — деди Аманкулова.

 2017-жылы 16-январда Чүй облусунунаңкы Дача-СУ аймагында түркиялык Боинг-747 учагы кулап, 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>