Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
7-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
06.08.2019 | 17:47
Эртең, 7-августта Кыргызстанда аба ырайы ысык болот. Мындай маалымат кыргызгидрометтен алынды. Анда абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 болот.
Эртең Бишкекте түнкүсүн 22…24°, күндүзгү жогорку температурасы 37…39° болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом