УКМК: Атамбаев сотко катышпай койду

22.04.2020 | 12:58

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышуудан баш тартып койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

“Учурда Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бирок мурдагы президент бүгүн, 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартты”, — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук отурум жылдырылгандыгын анын жактоочулары кабарлашкан.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Scroll to Top