УКМК: Бийликти басып алууга чакырган активист кармалды

УКМК: Бийликти басып алууга чакырган активист кармалды

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, чакырык жасоого шектелген Н.Н.А. аттуу жаран 6-февралда кармалган.

«Улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде Н.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>