Жер басып алгандар 12 жылга кесилет. Министрликтин сунушу

Жер басып алгандар 12 жылга кесилет. Министрликтин сунушу

Юстиция министрлиги жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга жетекчилик кылган жана үй куруу менен алектенген жарандарды 12 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Депутаттар Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карашты. Демилгечилер жер басып алгандарга жана ага жол бергендерге жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатышат.

«Жер – мамлекеттин негизги байлыгы, ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет. Буга чейин бийлик, жергиликтүү бийлик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн камтыган мафия болгон. Топтолгондор өз максатына жетүү үчүн жер категорияларын атайылап бузуп, ал жерге үй салууга уруксат беришкен. Бул өз кезегинде мамлекетти жер амнистиясын жүргүзүүгө аргасыз кылды», — деди Орозбек Сыдыков.

Башка бирөөнүн жерин мыйзамсыз басып алуу үчүн айып пулду 20-50 миң сомдон 50-100 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Документ ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин азыркы редакциясында жок болгон жерди кайтарып алуу жана басып алуунун кесепеттерин жоюу боюнча норманы белгилөөнү көздөйт. Зордук-зомбулук көрсөтүү менен жер басып алган учурда мыйзамда беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоору жерди кайтаруу боюнча норманы кошуу сунушталууда. Эгерде жерди басып алуу учурунда оор жаракат алган болсо, анда 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине айыл чарба багытындагы жерлерди өз алдынча басып алуунун алдын алуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн кызмат адамдарын, жер ээлерин, жерди пайдалануучуларды же ижарачыларды жазалоону караган жаңы берене менен толуктоо сунушталууда. 30 миң сомдон 70 миң сомго чейин айып пулдан тышкары коомдук жумуштары, чектөө, эркинен ажыратуу, белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратуу сыяктуу жазалардын түрлөрү да каралган.

“Жерди басып алууга жетекчилик кылып, анын негизги багытын бузуп, жерлерге үй курууну уюштургандарды 12 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштайбыз”, — деди Сыдыков.

Ушул эле мыйзам долбоорунда айыл чарба жерлерин талкалоого катышкандарды 5-7 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.

«Жерди биринчи жолу басып алгандар үчүн жерди кайтарып алуу жана калыбына келтирүү шарты менен жазадан бошотуу сунушталууда», — деди чиновник.

Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоору 2022-жылдын июнь айында коомдук талкууга коюлган. Кыргызстанда 13 миң гектарга жакын жер айыл чарба жерлеринин тизмесине киргени менен ал жерде үйлөр курулуп, эл жашайт. Алардын көбүн жарандар 2005-жылдан кийин уруксатсыз ээлеп алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>