Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Орусияда аскердик каттоого турбаган 30 миң мигрант аныкталды
27.06.2024 | 16:08
Орусиянын жарандыгын алгандан кийин аскердик каттоого турбаган мигранттар аныкталууда. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдирди.
Анын айтымында, бул иш чара башталгандан кийин мигранттар мекенине кайтып кете башташты.
«Жарандык алып, бирок аскердик каттоого турбаган 30 миң мигрантты аныктадык. Алардын 10 миңи атайын операция жүрүп жаткан жерге жөнөтүлдү. Окоп казганга жумушчу күчү керек. Алар ооруктагы бөлүктөрдү толуктап жатышат», — дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом