Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Тоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайы
04.10.2026 | 10:00

Бүгүн, 4-октябрда түнкүсүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 23…28°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 21…26°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 25…30°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 19…24°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 20…25°C;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 14…16°C, күндүз 25…27°C болот (жаан-чачын болбойт);
- Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн 10…12°C, күндүз 21…23°C болот (жаан-чачын болбойт).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом