КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Бишкекте сүрөтчү Александр Дильбазинин «Анар багы» аттуу көргөзмөсү ачылат
10.06.2026 | 13:09

12-июнда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Александр Дильбазинин «Анар багы» аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият министрлиги жарыялады.
Көргөзмө 2015-жылы Москвада башталган «Анар качан гүлдөйт?» аттуу сериянын уландысы болуп саналат. Бул мезгил аралыгында экспозиция жаңы чыгармалар жана сюжеттер менен толукталып, кеңейтилген. Көргөзмөнүн философиясы Чыңгыз Айтматовдун адамдын эс-тутуму жана руханий дүйнөсү тууралуу ойлору менен байланышта каралат.

Иш-чара 12-июндан 28-июнга чейин уланат. Көргөзмөнүн куратору — Екатерина Дильбази. Уюштуруучулар борбор калаанын тургундарын жана конокторун аталган көркөм дүйнө менен таанышууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият