Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти

10.06.2026 | 12:06
Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти — новости Кыргызстана

Санкт-Петербургдагы А. Ф. Можайский атындагы Аскердик-космостук академияда билим алып жаткан кыргызстандык курсанттар күжүрмөн камсыздоонун айрым түрлөрү жана тактикалык медицина боюнча олимпиадада ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти — новости Кыргызстана

Маалыматка ылайык, биринчи этап 24-майда академиянын факультеттеринин жана бөлүктөрүнүн командалары арасында, ал эми экинчи этап эртеси күнү жогорку аскердик окуу жайлардын командаларынын катышуусунда академиянын полигонунда өттү.

Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти — новости Кыргызстана

Мелдештин жүрүшүндө кыргызстандык курсанттар даярдыктын жогорку деңгээлин, күжүрмөн чеберчилигин, командалык духун жана биримдигин көрсөтүшүп, мунун аркасында жогорку натыйжаларга жетише алышты.

Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти — новости Кыргызстана

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курсанттары төмөнкү орундарды ээлешти:

— академиянын командаларынын арасында радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча «Коопсуз чөйрө» сынагында 1-орунду;

— жогорку аскердик окуу жайлардын арасындагы олимпиаданын жалпы командалык эсебинде 1-орунду.

Кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы олимпиадада жеңишке жетишти — новости Кыргызстана
Scroll to Top