УКМК Чыныбай Турсунбековдун эки кызын кармап, бири тергөө абагында отурат

УКМК Чыныбай Турсунбековдун эки кызын кармап, бири тергөө абагында отурат

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай Турсунбекова жана Бегимай Чыныбек кызы УКМК тарабынан кармалды. Алар мындан үч жума мурда кармалганы белгилүү.

Биринчи май райондук соту Reporter.kg’ге билдиргендей, 26-июнда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Айдай Турсунбекова 2 айга камакка алынган. Ал 24-августка чейин тергөө абагында болот. Турсунбекова 222-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айыпталууда.

Ошондой эле Бегимай Чыныбек кызы УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча 24-августка чейин үй камагына алынган. Анын бөгөт чарасы 26-июнда каралган. Бегимай Чыныбек кызына да 222-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча айып тагылууда.

Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков «Акун» компаниялар тобунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеген. Ага Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионаты да таандык болгон. Турсунбеков 2020-жылы коронавирустан көз жумган.

2022-жылы УКМК «Акун» пансионатына 16,65 гектар жер мыйзамсыз берилгенин жана ал мамлекетке өткөнүн кабарлаган. Бул боюнча Айдай Турсунбекова «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жасап, мурдагы «Чынар» (азыркы «Акун») пансионаты жери менен кошо мыйзам чегинде сатып алынганын жазган.

«Акун» пансионатына мыйзамсыз берилген жер мамлекетке өттү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>