Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнө салды

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков дүйнө салды

Бүгүн, 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан парламент депутаты, экс-төрөга Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул тууралуу саясатчынын жакындары билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Турсунбеков пневмония менен жабыркап, бир  нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Андан мурдараак, депутаттын абалы оор  экендигин бир катар басылмалар жазып чыгышкан. Бирок парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу депутаттын  «абалы оор» деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айткан.

Чыныбай Акунович Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.

Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Чыныбай Турсунбековдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>