УКМК: «Дордойдон» салык чогулткан 5 кызматкер кармалды

УКМК: «Дордойдон» салык чогулткан 5 кызматкер кармалды

Салыкты жаап-жашыруу фактысы боюнча “Дордой” соода-базар комплексинде буга чейин салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер “Дордойдогу” ишкерлердин салык төлөөдөн качуусу үчүн коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу иштеп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

“Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган”, — деп билдирет УКМК.

Шектүү катары Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын башкармалыктарынын биринин азыркы жетекчиси А.А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>