Үч адамдын өлүмү: Айыпталуучу тарап шаардык сотко апелляция менен кайрылды

Үч адамдын өлүмү: Айыпталуучу тарап шаардык сотко апелляция менен кайрылды

Бишкекте үч адамды өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш боюнча апелляциялык арыз 20-декабрда карала баштайт. Соттук отурум саат 09:30га белгиленген.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Кийин иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Үч адамдын өлүмү: Сот айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>