УКМК кармаган Урмат Карыбаев 4 күндөн кийин үй камагына чыкты

УКМК кармаган Урмат Карыбаев 4 күндөн кийин үй камагына чыкты

Буга чейин УКМК тарабынан кармалып, андан кийин камакка алынган «Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Урмат Карыбаев 6-октябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту тарабынан 16-октябрга чейин камакка алынган.

Бирок 10-октябрда анын бөгөт чарасы кайра каралып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Карыбаев жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга» шектелүүдө.

Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында «Бишкек башкы архитектура» ишканасына жетекчиси болуп дайындалган.

«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>