Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
УКМК кызматкерлерин таш баранга алган деп 3 адам эки айга камалды
02.10.2019 | 14:10
“Чалдовар” көзөмөл өткөрүү жайында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин таш барганга алган деген шек менен 3 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, алар 29, 26 жана 23 жаштагы жергиликтүү тургундар болгон.
“Кармалгандар соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилген. Учурда кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда”, – деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 28-сентябрда УКМК кызматкерлери тергөө иштерин өткөрүү үчүн кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл өткөрүү жайына барып, жергиликтүү тургундар менен жаңжалдашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар