УКМК Ош аэропортундагы бажы кызматкерин кармады (ВИДЕО)

УКМК Ош аэропортундагы бажы кызматкерин кармады (ВИДЕО)

Манас эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда,   Манас эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылмыш аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>