Бишкекте Грузия жана Кыргызстан аркылуу ташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды — толук маалыматКыргызстанда кайрымдуулук үчүн берилген акчаны жеке эсепке чогултууга тыюу салуу сунушталуудаӨКМ: 13-17-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу барКыргызстанда «Изофенфос-метил» заты бар пестициддерди колдонууга тыюу салындыСадыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугуштуМинистрлик сейрек кездешүүчү жана дары чөптөрдү жыйноого салынган тыюу тууралуу эскертти
УКМК: «Отель Евразия» эс алуу борборунун 729,6 млн сомдук жери мамлекетке өткөрүлдү
16.01.2025 | 13:10
Ысык-Көлдө баасы «Отель Евразия» эс алуу борборунун 20 гектардан ашык жери мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Кара-Ой айылындагы “Бермет” мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия ” эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча учурда кылмыш иши иликтенүүдө. Анын алкагында аталган эс алуу борборуна таандык 20 гектардан ашык жер мамлекетке өткөрүлгөн.
Жердин баасы 729 млн 682 миң сомго жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом