Жалал-Абадда 49 жаштагы тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абадда 49 жаштагы тургун адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-август күнү болжол менен саат 08:25те райондук милицияга 21 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн алдындагы сөрүдө 34 жаштагы тууганынын сөөгү жаткандыгын билдирген.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, маркумдун сөөгү материалга оролгон абалда жаткандыгы аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Базар-Коргон шаарынын 49 жаштагы А.Г. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичип жатканда болгондугу аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>