УКМК Сот аткаруучулар кызматынын жалган кызматкерин кармады

УКМК Сот аткаруучулар кызматынын жалган кызматкерин кармады

Ош облусунда өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 16-февралында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган, ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Кармалган адам, М.Ш аттуу жарандан, Кыргызстандын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>