Ошто өспүрүм катуу сабалып, кылмыш иши жабылды. Милиция эмне дейт?

Ошто өспүрүм катуу сабалып, кылмыш иши жабылды. Милиция эмне дейт?

Ош облустук милиция медреседе окуган 12 жаштагы баланын сабалышы боюнча тууралуу маалымат таратты.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 9-декабрь күнү Ноокат райондук милицияга Көк-Жар айыл аймагынын 12 жаштагы М.А. аттуу тургуну денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А. тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын иш-аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы жаш балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө, бала кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон учурда, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кылмыз-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган», — деп билдиришти милициядан.

Ошол эле учурда, кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде айып пул салынган.

Милициядан белгилешкендей, нараазы болгон маселе боюнча жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.

Ошондой эле, 12 жаштагы бала окуган Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, аны жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>