Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Шакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
13.10.2026 | 17:10

Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира Бишкекке 17-октябрда келет. Ал эми эртеси, 18-октябрда ырчы Bishkek Arena стадионунда чоң жеке концертин коёт. Бул тууралуу КР Президентинин Иш башкармалыгы билдирет.
Эске салсак, бул өнөр тартуулоо Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы жеке концерти жана Кыргызстандагы эң ири музыкалык окуялардын бири болуп калмакчы.
Иш-чарага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө артисттин командасынын өкүлдөрү Bishkek Arena стадионунун масштабын жана инфратүзүмүн жогору баалап, анын дүйнөлүк деңгээлдеги шоуну өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Концертке он миңдеген көрүүчүлөр, анын ичинде ырчынын Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген күйөрмандары чогулары күтүлүүдө.
Мындай масштабдагы иш-чараларды өткөрүү окуялык туризмди өнүктүрүүгө, Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги таанылышын жогорулатууга, ошондой эле өлкөдөгү туристтик жигердүүлүктүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Шакиранын концерти 2026-жылдын 18-октябрында Bishkek Arena стадионунда өтөт. Билеттер ticket.gov.kg расмий сайтында жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом