Кыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдү
УКМК: Токмокто баасы 920 млн сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды
05.09.2024 | 12:51
Чүйдүн Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган бала бакча Токмок шаарында “Манап бий көчөсү 236” дарегинде жайгашкан. Ал 1996-жылы мыйзамсыз жол менен жеке колго өтүп кеткен. Бирок ал учурда социалдык объекттерди жеке менчикке берүүгө тыюу салуу бар болгон. Аны менен бирге ал бала бакча максатсыз пайдаланылып келген.
Эми аталган бала бакча мамлекетке кайтарылып, Токмоктун мэриясына өткөрүлүп берилди. Анын аянты 1 миң 575 чарчы метрди түзөт. Ал эми жеринин аянты 6 миң 900,5 чарчы метрге жетет.
УКМК аталган бала бакчанын баасы 920 млн сомго жетерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом