УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү

9-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан  УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>