УКМК: Жалал-Абад милициясы жаранды кыйноого алганы аныкталды  

УКМК: Жалал-Абад милициясы жаранды кыйноого алганы аныкталды  

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан “А.Н.га” карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда,  12-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук милициянын  баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы “М.Ж.”, ыкчам кызматкери “М.Б.”, аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери “К.М.” жана “З.А.”  жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектелип кармалды.

Жыйынтыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алынды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>